«Кыргыз темир жолу»: 7 660,5 миң тонна жүк жана 255 200 жүргүнчү ташылган

11 Апреля 2022

«Кыргыз темир жолу «Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы темир жол транспортунун туруктуу жана коопсуз эксплуатациясын камсыз кылуу максатында чарба жүргүзүүчү субъекттердин жүктөрүн темир жол ташууларына жана Кыргыз Республикасынын калкынын жүргүнчүлөрдү ташууга болгон керектөөлөрүн канааттандыруу максатында иш алып барат.

Ишкана толук чарбалык эсеп, өзүн-өзү каржылоо жана камсыз кылуу принциптеринде ишмердүүлүгүн жүргүзөт.

2021-жыл ичинде кыргыз темир жолу менен 7 660,5 миң тонна же 104,8% жүк ташылып, 2020-жылга карата өсүш 354,0 миң тоннаны түздү (2020-жылы 7 306,5 миң тонна).

Учурдагы жүк ташуу агымын сакташ үчүн жана Кыргыз темир жолунда жүктөрдүн кошумча көлөмүн көбөйтүү максатында бир катар чаралар көрүлдү:
- 30 кмге чейинки аралыкка экспорттук ташууда көмүрдү темир жол менен ташуу үчүн 30% жеңилдик берилди, бул Кыргыз Республикасынын түштүк облустарынан Өзбекстан Республикасына көмүр экспортунун көлөмүн сактап калууга мүмкүндүк берди.
- Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан багыты боюнча мультимодалдык ташууларды көбөйтүү аркылуу транзиттик жүктөрдү көбөйтүү боюнча Кыргыз темир жолу менен Өзбекстан темир жолунун ортосундагы макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында Түркмөнстанга жана андан ары Азербайжанга, Түркияга жана Европага же Иранга жана Перс булуңунун өлкөлөрүнө (Кашгар-Ош – Анжиян маршруту боюнча) чоң сыйымдуулуктагы контейнерлерди ташуу наркы 70%дан көп арзандатылган;
- Транзиттик жүктөрдү Өзбекстан Республикасынын аймагы аркылуу Кыргызстандын түштүк аймактарга/ түштүк аймактардан ташууга Өзбек темир жолу тарабынан 50%га чейин жеңилдик берилди/

Кыргыз темир жолунун ишинин маанилүү багыттарынын бири — калктын жүргүнчүлөрдү ташуудагы керектөөлөрүн канааттандыруу саналат.
2021-жылы Кыргыз темир жолу тарабынан республика ичиндеги ташууларда 255 200 жүргүнчү ташылган, бул 2020-жылга салыштырмалуу 182 839 жүргүнчүгө көп (2020-жылы 72 361 жүргүнчү).

Бардык жаңылыктар