10-майдан 13-майга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 118 км коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт

29 Апреля 2022

“Кыргыз темир жолу” УК”МИ 2022-жылдын 10-майдан 13-майга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 118-чакырымында коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт (Боом капчыгайы, темир жолдун 3886 км, Жель-Арык-Рзд48) таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөрүн маалымдайт.

Жумуштар КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.

Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Бардык жаңылыктар