6-июндан 14-июнга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 132 км коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт

3 Июня 2022

“Кыргыз темир жолу” УК” МИ 2022-жылдын 6-июндан 10-июнуна чейин, ошондой эле 13-14-июнунда Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 132-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3902 км) таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөрүн маалымдайт.

Жумуштар КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.

Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Бардык жаңылыктар