Бишкек-Казань биринчи каттамы кетти

6 Июня 2022

6-июнда №305 Бишкек - Шу - Казань багытындагы жүргүнчү поезди Бишкектен саат 17:03тө жөнөп кетти, Казанга бейшемби күнү жетет. Жумасына бир жолу дүйшөмбү күндөрү каттайт.

№306 Казань - Шу- Бишкек багытындагы жүргүнчү поезди Казандан бейшемби күнү чыгып, Бишкекке жекшемби күнү келет. Жолдун жалпы узундугу 3 286 чакырымды түзөт. Бир тарапты көздөй жолдо жүрүүнүн жалпы убактысы  64 саат 40 мүнөттү түзөт. Каттамга 6 вагон – 4 плацкарт, 2 купелик – тартылган.

Жол кире арзандатуулары боюнча:
Купелерде жана СВ вагондордо төмөнкү өлчөмдөрдө арзандатуулар бар:
45 % - эгерде жараан поезд жөнөгөнгө чейин 45 күндөн 41 күнгө чейинки мезгилде жол жүрүү документтерин сатып алса;
35 % - поезд жөнөгөнгө чейин 40 күндөн 11 күнгө чейинки мезгилде жол жүрүү документтерин сатып алса;
25 % - поезд жөнөгөнгө чейин 10 күндөн 6 күнгө чейинки мезгилде жол жүрүү документтерин саып алса;
15 % - поезд жөнөгөнгө чейин 5 күн же андан аз жол жүрүү документтерин сатып алганда.

Плацкарт вагондордо төмөнкү өлчөмдөрдө:
35 % - поезд жөнөгөнгө чейин 45 күндөн 41 күнгө чейинки мезгилде жол жүрүү документтерин сатып алуу шарты менен;
25 % - поезд жөнөгөнгө чейин 40 күндөн 11 күнгө чейинки мезгилде жол жүрүү документтерин сатып алганда;
15 % - поезд жөнөгөнгө чейин 10 күндөн 6 күнгө чейинки мөөнөттө жол жүрүү документтерин сатып алганда менен;
10 % - поезд жөнөгөнгө чейин 5 күн же андан аз жол жүрүү документтерин сатып алганда арзандатуу каралган.

Көрсөтүлгөн арзандатуулар 2022-жылдын 3-июнунан тартып 2022-жылдын 28-декабрына чейин (ал күндү кошкондо) колдонулат, жана ички мамлекеттик каттамдарда (бир эле өлкөнүн, Россиянын, Казакстандын, Кыргызстандын чегинде) жол жүрүү документтерин жасап берүүдө, ошондой эле жүргүнчүлөрдүн уюшкан топторун ташууда колдонулбайт.

Сурап-билүү телефону (0312) 30-02-09, (0312) 92-68-54, (0312) 92-68-40

Бардык жаңылыктар