Россия, Казакстан, Беларусь боюнча ички каттамына билет алуу боюнча

14 Июня 2022

Урматтуу жүргүнчүлөр, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын билеттик кассаларынан Россия, Казакстан, Беларусь боюнча ички каттамдагы жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддерге билеттерди алардын ички тарифтери боюнча сатып алсаңыздар болот.

Мисалы:
Шу - Нур-Султан (Нурлы Жол) 888 сомдон баштап.

Москва - Санкт-Петербург 1833 сомдон баштап.

Минск — Брест 780 сомдон баштап.

*поезд кеткенге чейин орундуктардын болушуна жана билеттерди эрте сатып алууга жараша;
* бардык салыктарды жана шейшептерди эсепке алуу менен;
*2022-жылдын 13-июнуна карата алмашуу курсу боюнча.

Толук маалымат (0312) 30-02-09, (0312) 92-68-54, (0312) 92-68-40 телефондору боюнча.

Бардык жаңылыктар