"Кыргыз темир жолунда” командалык-штабдык машыгуулар өттү

13 Июня 2022

2022-жылдын 3-июнунда “Кыргыз темир жолунун” жетекчилик курамы менен “Коркунуч учуру жана өзгөчө кырдаалдар пайда болгон (жер титирөө) учурларда “Кыргыз темир жолу” УК” МИнин Жарандык коргонуу жаатында башкаруучу органдарынын иш-аракеттери” деген темада командалык-штабдык машыгуулар өткөрүлдү.

Командалык-штабдык машыгуунун (КШМ) максаты – өзгөчө кырдаалдар зонасында авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү маселелерин уюштуруу боюнча чараларды координациялоодо ишкананын Жарандык коргонуунун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын жана түзүмдөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жогорулатуу болуп эсептелет.

Мерчемге ылайык, КШМ   2 этапта өткөрүлдү: биринчи этапта компаниянын жетекчилигине билдирүүнү жана чогулууну уюштуруу, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу маселелери иштелип чыккан.

Экинчи этапта практикалык иш-чаралар жүргүзүлдү – машыгуунун планына ылайык, жер титирөөнүн кесепетинен өрт, күчтүү таасир берүүчү уулуу заттардын төгүлүшү сыяктуу өзгөчө кырдаалдардын кийинки факторлору жаралган. Ишкананын тартылган кызматтар жана түзүмдөрү машыгуу тилкедеринде чалгындоо, урандылардын астынан жабыркагандарды куткаруу иштерин, биринчи медициналык жардам көрсөтүүнү практика жүзүндө аткарышты.

Машыгууга ишкананын Жарандык коргонуу штабы, ЖК кызматтарынын штабынын башчылары, негизги башкармалыктарынын жана филиалдарынын жетекчилери тартылганын кошумчалайбыз.

Иш-чара «КТЖ» УК» МИнин  2022-жылга карата Жарандык коргонууну даярдоо планына ылайык, «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин Жарандык коргонуунун башчысы – башкы директор А.Сакиевдин жетекчилиги алдында, ал эми практикалык иш-чаралар штабдын начальниги - башкы инженер Р. Спасскийдин жетекчилиги алдында өткөрүлдү.

Бардык жаңылыктар