Жүргүнчүлөрдүн назарына: ички жүргүнчүлөрдү ташуу тарифи өзгөртүлдү

16 Июня 2022

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2022-жылдын 16-июнундагы №215 буйругуна ылайык, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын республика ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддеринде жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн жаңы тарифтер 2022-жылдын 17-июнунан тартып түзүлөт.

Алсак, мисалы: Бишкек - Шопоково (Кант) чоңдор үчүн 20 сом, балдар үчүн 6 сом Бишкек - Кара Балта (Токмок) чоңдор үчүн 56 сом, балдар үчүн 20 сом Бишкек - Рыбачье чоңдор үчүн 150 сом, балдар үчүн 73 сом. 5 жашка чейинки балдар үчүн саякат жана бир чоң жүргүнчү үчүн 36 кг кол жүгүн ташуу акысыз. 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга балдардын тарифи боюнча саякат.

Акыркы жолу ички поезддердин жүргүнчүлөрүнүн тарифи 2010-жылы өзгөртүлгөн.

Маалымат үчүн телефондор (0312) 30-02-09, (0312) 92-68-54, (0312) 92-68-40

Бардык жаңылыктар