Эксперименталдык вагон тууралуу

17 Июня 2022

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын вагон чарбасы боюнча филиалынын вагонду оңдоо заводунда республиканын ичиндеги каттамдар үчүн арналган эксперименталдык модернизацияланган жүргүнчү вагону презентациялады.

Транспорттун башка түрлөрү менен атаандашуу жана жаңы жүргүнчүлөрдү тартуу жүргүнчү ташуучу вагондорду модернизациялоону түшүндүргөн факторлордун бири. Бул максатта, ошондой эле Кыргыз Республикасынын калкынын арасында темир жол менен жүргүнчүлөрдү ташууну жайылтуу жана өлкөнүн туристтик тармагын өнүктүрүү үчүн Бишкек-1 вагонду оңдоо заводунда эсептен чыгарылууга жаткан 070 30005 вагону эксперименталдык жүргүнчү вагонуна модернизацияланган.

Модернизациялоо башталганга чейин вагондун конструкцияларын андан ары пайдалануу боюнча толук изилдөө жүргүзүлгөн. Вагондун дизайнын өзгөртпөстөн, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн техникалык документтердин талаптарына ылайык вагондун дизайнын  бузбастан кузовду күчөтүү жүргүзүлгөн.

“Кыргыз темир жолу” УК” МИнин сыноо борбору менен өрткө каршы жана электр коопсуздук эрежелеринин талаптары боюнча шайкештигин аныктоочу бардык уруксат берүүчү актыларын алуу менен, вагондун бекемдигине жана коопсуздугуна сыноо жүргүзүлдү. Белгилей кетүүчү нерсе, модернизациялоодо вагондун конструкциялык бөлүгү өзгөргөн жок, вагонду модернизациялоо ички интерьерди жакшыртуу жана темир жол транспортун тандап алган адамдардын вагондун салонунда ыңгайлуу жана коопсуз болушун түзүү болгон.
Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн терезе тешиктери чоңойтулуп, панорамалык терезелер орнотулду, сапар учурунда бул  Кыргызстандын жаратылышына көлөмдүү жана түркүн түстүү көрүнүш берет, жекече орнотулган отургучтарда бараткан жүргүнчүлөргө ыңгайлуулуукту камсыз кылат.

Кыймылдын коопсуздугун камсыз кылган жүрүүчү бөлүктөрүнүн жана автотоктоткучтардын жаңы элементтери орнотулду. Сапардын ыңгайлуулугу үчүн кыш-жай абаны кондиционерлөө системалары орнотулган, ошондой эле жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн вагондо суусундуктарды муздатуу үчүн муздаткыч жана муздак ичүүчү суу орнотулган. Жолдо жүрүүдө жүргүнчү жаңы толук экрандуу сыналгылардын  стереосунун сапатын баалай алат.

Жүргүнчү вагондорун модернизациялоо боюнча концепцияны өз күчү менен ишке ашыруу көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын кыйла жогорулатууга, автомобиль жолдорунда жүргүнчүлөрдү азайтып, темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдүн агымын көбөйтүүгө, чет өлкөлүк туристтерди тартууга жана жаңы вагондорду сатып алууга олуттуу каражаттарды үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Белгилей кетүүчү нерсе, вагонду модернизациялоо ишкананын күчү менен, тышкы инвестицияларды тартпастан жүргүзүлдү.

Бардык жаңылыктар