“Кыргыз темир жолу” ишканасы жабыр тарткан жердештерибизге гуманитардык жардам жөнөттү

20 Сентября 2022

Баткен облусундагы болуп жаткан кырдаал жалпы кыргызстандыктарды жапа тырмак бириктирип, ынтымактуу, бирдиктүү, мекенчил эл экенибизди дагы бир ирээт далилдеп койду.

Ар бир жараан, волонтерлор, уюмдар, ишканалар бир муштум болуп, баткендик туугандарга жардам көрсөтүп жатышат.

“Кыргыз темир жолу” ишканасы да четте калбастан, жабыр тарткан жердештерибизге 5 тонна гуманитардык жардам жөнөттү. Гумжардан тышкары ишкананын кызматкерлери бир күндүк маяналарын атайын эсепке которушту.

Компаниянын жалпы жамааты Баткен облусунда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөт жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт.

Күч биримдикте!

Бардык жаңылыктар