«Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан – Ооганстан» мультимодалдык каттамы тууралуу

21 Сентября 2022

«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Ооганстан» мультимодалдык каттамын ишке ашыруунун алкагында Кыргызстанга Кытайдан 12 контейнер жүк келип, темир жол аркылуу Ооганстанга жөнөтүлгөн.

«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Ооганстан» жаңы транспорттук коридору – бул жүктөрдү Кытайдан Ооганстанга Кыргыз Республикасы аркылуу комбинацияланган түрдө ташуучу мультимодалдык маршрут. Жүк Кытайдан унаа жолу менен келип, “Ош” станциясында вагондорго жүктөлүп, андан ары Өзбекстанга темир жол аркылуу жөнөтүлөт.

Бул мультимодалдык маршрутту ишке ашыруу 2022-жылдын 8-9-сентябрында Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында  Кытайдын эл аралык логистикалык компаниясынын катышуусунда Кыргызстандын, Өзбекстандын, Ооганстандын темир жол администрацияларынын  өкүлдөрүнүн төрт тараптуу жолугушуусунун алкагындагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынттыгында мүмкүн болду.

Кошумчалай кетсек, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу өзүнчө долбоор, учурда техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо стадиясында экенин эскертебиз. 2022-жылдын 14-сентябрында Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин аянтчасында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Өзбекстан Республикасынын Транспорт министрлиги, Кытай Эл Республикасынын Өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда “Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай” темир жолунун курулуш долбоору боюнча кызматташуу боюнча Макулдашууга кол коюлду (Кыргызстандын аймагындагы тилке).

Бардык жаңылыктар