«Кыргыз темир жолунда» күзгү кароо

11 Октября 2022

2022-жылдын 28-сентябрынан 28-октябрына чейин «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин жетекчилигинен жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчыларынан турган комиссия станцияларды жана темир жол объектилерин күзгү кароодон өткөрүү иштерин аткарууда.

Биринчи кезекте комиссия ишкананын бекеттерин, чарба объектилеринин кышка даярдыгы, темир жол кыймылынын коопсуздугу, жумуштардын технологиясынын аткарылышын, кыймылдын жана техникалык коопсуздукту сактоону, кызматкерлердин эмгек тартибин сактоо жана жумуштагы шарттарын кароодон өткөрүшөт.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын темир жолунун техникалык иштетүүнүн эрежелерине жана “Кыргыз темир жолу” УК” МИ”нин 2022-жылга карата күзгү кароо планына ылайык өткөрүлүүдө. Ушундай эле текшерүү өлкөнүн түштүгүндө да жүргүзүлөт.

Пландык текшерүү жылына эки жолу - күзүндө жана жазында жүргүзүлөт.

Бардык жаңылыктар