Ташкентте Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн темир жол администрацияларынын башчыларынын биринчи жыйыны болуп өттү

1 Ноября 2022

2022-жылдын 27-октябрында Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр – Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын темир жол администрацияларынын башчыларынын биринчи жыйыны болуп өттү.

Иш-чарага «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Сакиев Азамат Абдукаримович катышты.
Жыйындын алкагында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун темир жол администрацияларынын ортосунда жигердүү кызматташууну түзүү маселелери каралды.

Өз кезегинде «Кыргыз темир жолу» ишканасынын башчысы Сакиев Азамат темир жол тармагында кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында ТТМ мүчө-өлкөлөрдүн темир жол администрацияларынын жетекчилеринин жолугушууларынын демилгелерин ишке ашыруу боюнча туруктуу жумушчу топ түзүү жана бир катар башка макулдашууларга жетишилди.

Бардык жаңылыктар