Бакыт Момуналиев "Show leopard run эл аралык марафонунда 3-орунду, ал эми «M BULAK KUZ DEMI 2022» эл аралык марафонунда 1-орунду ээледи

1 Ноября 2022

Бакыт Момуналиев "Show leopard run" эл аралык марафонунда 30-39 жаштагы ышкыбоздор арасында 3-орунду, "M BULAK KUZ DEMI 2022" эл аралык марафонунда 1-орунду алды.

Жалпысынан каарманыбыз 15 чакырымды 55 мүнөттө ал эми  42 чакырымды 3 саат 22 мүнөттө чуркап өттү.
Иш-чара 25-сентябрда жана 23-октябрда Бишкек шаарында  өткөн.

Каарманыбыз "Кыргыз темир жолу" УК" мамлекеттик ишканасында иштейт. Өзүнүн айтымында, бала кезинен эле алыскы аралыкка чуркаганды жакшы көрчү, бош убактысында ар кандай аралыктарга чуркайт.

Эске салсак, Бишкек шаарында өткөн эл аралык марафон Кыргызстандын жана башка өлкөнүн профессионал спортчуларын жана спорт күйөрмандарын чогулткан.

Бардык жаңылыктар