Ташкентте болуп өткөн эл аралык спартакиадада “Кыргыз темир жолунун” курама командасы экинчи орунду ээледи

11 Ноября 2022

2022-жылдын 10-ноябрында Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун Саммитинин алкагында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин темир жол администрацияларынын кызматкерлеринин биринчи эл аралык спартакиадасы болуп өттү.

Иш-чарага «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин, «Узбекистон темир йуллари» АК, «Azәrbaycan Dәmir Yolları» ЖАК жана «Қазақстан темір жолы» УК» АКнын темир жол администрацияларынын түзүлгөн курама командалары катышты. Алар стол тенниси, шахмат, армрестлинг, аркан тартыш жана гиря көтөрүү сыяктуу спорт түрлөрү боюнча күч сынашты.

«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын 11 темир жолчудан турган курама командасы 11 медалдын ичинен 10 медалды: 4 алтын, 5 күмүш, 1 коло жеңип алып, экинчи оорунга ээ болушту.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча командалар төмөнкү орундарга ээ болушту:
1-орунду «Казакстан темир жолу» УК» АКсынын темир жолчулар командасы;
2-орун – «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын темир жолчулар командасы;
3-орун – «Өзбекстан темир жолдору» АКнын темир жолчулар командасы алышты.
Уюштуруучулар белгилегендей, иш-чара катышуучу-өлкөлөрдүн темир жол администрацияларында спорттун өнүгүшүнө олуттуу түрткү берүү гана эмес, ошондой эле эл аралык темир жол тармагындагы кызматташтыкты жаңыча жогорулатуу потенциалын ачууга багытталган.

Бардык жаңылыктар