Эмне үчүн машинисттер үн сигналдарын беришет?

5 Декабря 2022

Сигналдар кыймылдуу курамдын коопсуздугун камсыздоо үчүн, ошондой эле, поезддердин кыймылын жана маневр иштерин так уюштуруу үчүн кызмат кылат. Сигналдар Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунда сигнализация боюнча нускамага ылайык колдонулат. Сигналдар кабыл алыныш ыңгайына жараша көрүнмө жана үн сигналдары деп бөлүнөт.

Көрүнмө сигналдар сигнализациянын түсү, формасы, абалы жана сигналдык сандык көрсөткүчтөрү менен чагылдырылат. Көрүнмө сигналдардын сигнал аспаптары: жол чырактар, дисктер, калкандар, чырактар, желектер, көрсөткүчтөрү жана белгилери.
Үн сигналдары ар кандай узактыктагы үндөрдүн саны жана айкалышы менен туюнтулат. Күндүз болобу же түнү болобу, алардын айырмасы жок, мааниси бир эле. Үн сигналдарын берүү үчүн локомотивдердин ышкырыгы, мотор-вагондуу поезддердин жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын ышкырыктары, кол ышкырыктары, үйлөмө аппараттар, сиреналар, гудоктор жана петардалар колдонулат.

Машинист төмөнкү учурларда эскертүү сигналын берүүгө милдеттүү:
• поезд жөнөгөндө;
• бекеттер, көпүрөлөргө жакындап келе жатканда;
• темир жол өтмөгүнө жана жөө адамдар өтүүчү өтмөктөргө жакындаганда;
• ылдамдыкты төмөндөтүүнү талап кылган жерлерге жакындаганда, мисалы, оңдоо иштерин жүргүзүүдө;
• темир жолдо бөтөн  адамдар жүргөндө.

Ышкырык темир жолчуларга сигнал берүү үчүн кызмат кылат, ал эми тифон менен машинист айланасындагылардын бардыгына поезд келе жатканын  эскертет.

Бардык жаңылыктар