Боом капчыгайында рельстерди толук алмаштыруу жүргүзүлүүдө

15 Декабря 2022

Боом капчыгайында, Каямат-Куркол перегонунун 148- разъездинде рельстерди толук алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган жумуштар үстүбүздөгү жылдын 16-декабрына чейин темир жолдун 3937 жана 3938 чакырымдарында жүргүзүлөт. Бардыгы болуп эски рельстерди узундугу 1,3 чакырымды түзгөн жаңы Р65 рельстерине алмаштыруу мерчемделген.

Ушундай эле жумуш Мерке-Чалдовар перегонунда аткарылууда, аталган тилкеге 1 чм мерчемделген.
Иш-чара поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында жана «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын 2022-жылга карата оңдоо иштеринин планына ылайык өткөрүлүүдө.

Бардык жаңылыктар