Ош шаарындагы кырсык тууралуу

23 Декабря 2022

2022-жылдын 21-декабрь күнү саат 22:35 чамасында Нариман айыл аймагында жайгашкан "ӨКга чара көрү боюнча түштүк борборунун" нефти базасына караштуу темир жол тилкесинде күйүүчү 3 цистерна вагон кулап кеткен.

Тилекке каршы, кырсыктын кесепетинен темир жолчу каза болгон.

23-декабрь күнү “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев башында турган атайын комиссия Ош шаарында окуя болгон жерде болуп, темир жол кырсыгын иликтөөгө киришти.

Кырсык катталган  биринчи мүнөттөрдөн баштап УК “КТЖ” МИ нин Түштүк бөлүмүнүн баардык тиешелүү кызматтары, талаа Авариялык кызматы жана ӨКМ кызматкерлери биргелешип иш жүргүзүлгөн.

Каза болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Бардык жаңылыктар