«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун координациялоо боюнча биргелешкен Долбоордук кеңсенин ачылышы

19 Января 2023

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун координациялоо боюнча биргелешкен Долбоордук кеңсенин ачылышына катышуу үчүн Өзбекстан Республикасынын Транспорт министрлиги менен «Өзбекстан темир жолдору» АКнын өкүлдөрү Кыргыз Республикасына келишти. Кеңсенин максаты - долбоордун практикалык ишке ашырылышын тездетүү боюнча биргелешкен чараларды координациялоо.

Бүгүнкү күндө «Кыргыз темир жолу» УК» МИ жана «Өзбекстан темир жолдору» АКсы тарабынан «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча бардык зарыл болгон алдын ала иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Кытай темир жол курулуш корпорациясынын биринчи долбоорлоо-изилдөө институту аталган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуунун үстүндө иштеп жатат.

Белгилүү болгондой, 2022-жылдын 14-сентябрында Өзбекстан Республикасынын Транспорт министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Кытай Эл Республикасынын Өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитети “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору боюнча үч тараптуу өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшкан.

Бардык жаңылыктар