Кант-Ивановка перегонунда шпалдарды толук алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө

15 Марта 2023

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант-Ивановка перегонунда эскилиги жеткен жыгач шпалдарды темир-бетон шпалдарга толук алмаштыруу боюнча жолду күчөтүлгөн орточо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын жол чарба филиалынын жетекчиси Нурбек Куралиев билдирди.

«Аталган тилкеде жалпысынан 4 чакырым жыгач шпалдарды темир бетон шпалдарга алмаштырабыз. Бул аптада 1 чакырым темир бетон шпал орнотулат. Жумушка 100дөн ашык жумушчу жана 5 инженердик техника тартылган», - деди ал.

Иш-чара «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын 2023-жылга карата оңдоо иштеринин планына ылайык аткарылды.

Бардык жаңылыктар