Кантта 2023-жылдын 23-март күнү оңдоо иштерине байланыштуу өтмөк жабылат

16 Марта 2023

«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы 2023-жылдын 23-мартында 08:00дөн 17:00гө чейин Кант-Ивановка перегонунун 3800- чакырымындагы (Советская көчөсү, Люксембург айылы) кайтарылбаган темир жол өтмөгүндө жол оңдоо иштеринин жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу өтмөк жабыларын билдирет.

Оңдоо иштери  Ысык-Ата районунун жол кайгуул кызматы менен макулдашылды.

Айланма жол 3802 км (Панфилов) боюнча жүргүзүлөт.

Бардык жаңылыктар