Темир жолчулар ишембилик өткөрүштү

18 Марта 2023

Бүгүн, 18-март күнү «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке чыгышты. Темир жолчулар күрөк, айры, шыпыргы менен куралданышып, айлананы таштандылардан тазалай башташты.

Иш-чарага “Кыргыз темир жолу” ишканасынын борбордук аппаратынын жалпы жамааты, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери катышты.

Эскерте кетсек, бүгүн жалпы республикалык ишембилик. Иш-чара социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын көрктөндүрүү максатында өткөрүлүүдө.

Бардык жаңылыктар