«Кыргыз темир жолу» УК» МИде командалык-штабдык машыгуулар өткөрүлдү

3 Мая 2023

2023-жылдын 20-апрелинен 29-апрелине чейинки аралыкта «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жана Жарандык коргонуу кызматтарынын жетектөөчү жана өздүк курамын тартуу менен «Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын (жер титирөө) коркунучу пайда болгон учурда «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин кызматтарынын жетекчилигинин аракеттери» темасында командалык-штабдык машыгуулар өткөрүлдү.

КШМну өткөрүүнүн максаты «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин кызматтарынын табигый мүнөздөгү өзгөчо кырдаалдар коркунучу пайда болгон учурдагы даярдыгын текшерүү, ӨК учурунда өздүк курамды жүрүм-турум эрежелерине окутууну уюштуруу, дарыгерге чейинки алгачкы жардам көрсөтүү саналат.  

Бул иш-чара «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин 2023-жылга карата Жарандык коргонууну даярдоо Мерчемине  ылайык өткөрүлдү.

Бардык жаңылыктар