ШКУга мүчө мамлекеттердин темир жол администрация жетекчилеринин төртүнчү жолугушуусу болуп өттү

15 Мая 2023

10-Май 2023-жылы гибриддик форматта Нью-Дели шаарында (Индия Республикасы) Индия тараптын төрагалыгы алдында ШКУга мүчө мамлекеттердин темир жол администрацияларынын жетекчилеринин төртүнчү жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чарага Башкы директордун орун басары А. С. Анарбеков жетектеген "Кыргыз темир жолу" УК" МИнин делегациясы катышты.

Тараптар ШКУга мүчө мамлекеттерди байланыштыруучу жаңы темир жол линияларын куруунун артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин темир жол администрациялары тарабынан COVID-19 пандемиясы учурунда көрүлгөн чараларды карашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө делегация башчылары үчүнчү жолугушуунун (18-август, 2021-жыл, Душанбе шаары, Тажикстан Республикасы) жыйынтыктоочу чечимдерин аткаруу, мультимодалдык ташууларды жана заманбап логистикалык борборлорду өнүктүрүү жана өркүндөтүү маселелери боюнча пикир алмашышты.

Бардык жаңылыктар