“Кыргыз темир жолу” жазгы текшерүү иштерин жүргүзүүдө

24 Мая 2023

Поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыздоо “Кыргыз темир жолу” УК” МИнин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын атайын комиссиясы кезектеги күнүмдүк текшерүүлөрдөн жана кароолордон тышкары жылына эки жолу – жазында жана күзүндө комиссиялык текшерүүлөрдү жүргүзөт.

Текшерүүлөр темир жолдун инфраструктурасынын, кыймылдуу курамынын, имараттарынын, курулуштарынын жана техникалык каражаттарынын абалын ар тараптан текшерүү максатында жүргүзүлөт, ишти уюштурууга жана технологиялык процесстерге түзөтүүлөр киргизилет.
Ушул жылдын 18-19-майында ишкананын башкы директору Азамат Сакиев башында турган комиссия Балыкчы, Жел-Арык, Кыямат-Күркол, Кант, Ивановка, Токмок, Аламедин бекеттерин текшерип чыгышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө комиссия “Балыкчы-Кочкор” темир жолунун курулушун да текшеришти. Учурда темир жолдун төмөнкү конструкциясын куруу иштери жүрүп жатат, саздак тилкелерге геоторлор салынууда.

Оңдоо иштерине өзгөчө көңүл бурулууда — жыгач шпалдарды темир-бетонго толук алмаштыруу боюнча иштер кызуу жүргүзүлүүдө. Алсак, Кант-Ивановка тилкесинде 4 чм темир-бетон шпалдары, Жел-Арык – РЖД 148 тилкесинде (Боом капчыгайы) 3,1 чм шпал, ошону менен жалпысынан 7,1 чм темир-бетон шпалдары төшөлдү. Ушундай эле иштер башка бекеттердин аралыгында дагы жүргүзүлүүдө.

Текшерүүнүн биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча тийиштүү жетекчилерге кемчиликтерди жоюу тапшырылды. Комиссия темир жолдун башка тилкелеринде ишин улантат - Түрксиб бекетинен Бишкек-1 бекетине чейин кароо пландаштырылууда, ошондой эле текшерүү Түштүк аймактык бөлүмүндө жүргүзүлөт.

Жазгы текшерүү ишкананын бөлүмдөрүнүн жооптуу жетекчилеринен турган комиссия менен коштолот. Бул иш-чара кыш мезгилинен кийин темир жол инфраструктурасынын жана жабдууларынын талаптагыдай абалын, коопсуздук эрежелерин, эмгек тартибин жана темир жол кызматкерлеринин ишинин сапатын текшерүү жана сакталышы үчүн маанилүү болуп саналат.

Бардык жаңылыктар