Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата «Локомотив» спорттук-эс алуу комплексинде майрамдык иш-чара

1 Июня 2023

Бүгүн, 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын “Локомотив” спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинде жеткинчектер үчүн майрамдык күн уюштурулду.

Бөбөктөр үчүн цирк артисттери кызыктуу оюн-зоок номерлерин көрсөтүшүп, уюштуруучулар тарабынын жаш балдарга бал муздак, суусундуктар таратылды.

Иш чара “Кыргыз темир жолу”, "Демилгелүү жаштар борбору" коомдук бирикмеси жана №2-Муниципалдык аймактык башкармалык тарабынан уюштурулду.

Бардык жаңылыктар