2023-жылдын 16-июндан тарта жүргүнчүлөрдү ташуучу «Бишкек-2 - Рыбачье» поезди жүрө баштайт

2 Июня 2023

«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы 2023-жылдын 16-июнунан тарта жума, ишемби, жекшемби күндөрү, андан кийин 17-июлдан 31-августка чейин күнүгө № 608/609 «Бишкек-2 – Рыбачье» багытындагы жүргүнчү поезди каттай тургандыгын маалымдайт.

Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, муздатылган жана ысык суу, сыналгы жана башка техника менен жабдылган люкс вагон  бар.
Бул вагонго  билетти алдын ала 2023-жылдын 12-июнунан баштап сатып алууга болот.

№608 «Бишкек-2 – Рыбачье» поезди Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 1А дарегинде жайгашкан «Бишкек-2» станциясынан саат 07:40та чыгып, Балыкчы шаарынын Озерная көчөсү 3 дарегинде жайгашкан «Рыбачье» станциясына саат 11:42де келет.

№609 «Рыбачье – Бишкек-2» поезди «Рыбачье» станциясынан саат 17:48де жөнөйт, «Бишкек-2» станциясына 21:50дө келет.

Билеттин баасы, жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин күн тартиби жана көрсөтүлгөн кызматтар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлер боюнча күнү-түнү, дем алышсыз кайрылсаңыздар болот:
-мобилдик тел.: 0705 076696
-стационардык тел.: (0312) 30-02-09; 92-68-54; 92-68-40

Бардык жаңылыктар