Бишкек жылуулук борборуна көмүр ташып жеткирүүдө вагондор жетиштүү

15 Ноября 2017

Бүгүнкү күндө “Кыргыз темир жолу” “Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы тарабынан ташылып келинген таш көмүрдүн жалпы көлөмү 779 933 тоннаны түзөт.

Белгилей кетсек, Бишкек жылуулук борборун таш көмүр менен камсыз кылуу максатында Рыбачье темир жол бекетинен Аламедин темир жол бекетине чейин темир жол аркылуу көмүр ташылып келинет.

Кышка даярдык иштерин өз убагында жүргүзүү багытында ишканада атайын иш-чаралар планы кабыл алынган жана бул багытта “Кыргыз темир жолу” “Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы мекеме-уюмдар жана жеке тараптар менен иш жүргүзөт.

Учурда көмүр ташып жеткирүү үчүн Кыргыз темир жолунун вагондору жетиштүү. Бардык тийиштүү маселелер чечилген.

Бардык жаңылыктар