“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы Россияга каттоочу поезддерге билеттерди сатып алууда жеңилдиктерди жарыялайт

16 Ноября 2017

Эгерде жүргүнчү Россияга сатылуучу поезд билеттерин купе вагонуна 41 күндөн 45 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, билеттин жалпы баасына 55 % жеңилдик берилет.

Ал эми 31 күндөн 40 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, 45 % га арзан баада сатып алса болот.

Эгерде 4 күндөн 30 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, 35 % жеңилдик бар.
Поезд жүргөнгө чейин 3 күн мурда сатып алса 25 % жеңилдик берилет.

Эгерде жүргүнчү билетти плацкарт вагонуна поезд кетүүчү күнгө чейин 41 күндөн 45 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, анда 45 % га барабар жеңилдик берилет.
Ал эми 31 күндөн 40 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, 35 % га арзан баада сатып алса болот.
4 күндөн 30 күнгө чейин алдын-ала алса 25 % жеңилдик бар.
Ал эми поезд жүргөнгө чейин 3 күн мурда сатып алса 15 % жеңилдик берилет.

Жамаат менен жол жүргөндөргө да жеңилдик бар. 10 дон 24 адамга чейин – 20 %, 25 адамдан жогору болсо – 30 % жеңилдик менен алса болот.
5 жашка чейинки жаш баланы акысыз алып кетүүгө болот, ал эми 5 жаштан 10 жашка чейинкилерге балдар үчүн баада билет алынат. 10 жаштан жогору чоңдор баасында.
Жүргүнчү өзү менен кошо 36 килограмм салмакта кол жүгүн акысыз алып кетүүгө укуктуу. Ал эми 30 килограмдан 50 килограмдык жүк үчүн 20 килограм жүктүн баасында каражат төлөнөт. 

Жол жүрүү билетинин баасы Швейцария франкынын курсуна барабар өзгөрүлүп турат.
Кошумча маалымат үчүн телефондор:  92 68 54, 30 02 09, 92 74 75

Бардык жаңылыктар