“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы 2017-жылдын 9 айында 5 миллион тоннага жакын жүк ташыды.

17 Ноября 2017

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын негизги милдеттеринин бири жүктөрдү ташуу.

Темир жолчулар 9 ай ичинде жүк ташуунун көлөмүн  121, 9 % га аткарды. Башкача айтканда, 2017-жылдын 9 айында 4 967 миң тоннадан ашык жүк ташылган. Бул деген канчалаган курулуш материалдары, күйүүчү майлар жана өнөр жай жабдуулары өз убагында белгиленген жерге чейин жеткирилди дегенди билдирет.

Натыйжада жүктөрдү айлантуунун жалпы көлөмү 656, 8 млн. тонна чакырымдан ашкан. Мында албетте, ишканадагы жүктөрдү ташуу Башкармалыгынын салымы чоң.

Ал эми жүргүнчүлөрдү ташуу багытында 9 айда жалпысынан 240 миң  жүргүнчү ташылып жеткирилген.

Бардык жаңылыктар