Кыргызстандын темир жолу толугу менен аскерлештирилген күзөт кызматы тарабынан кайтарылат

23 Ноября 2017

«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын темир жол обьектилерин жана ташылуучу жүктөрдү аскердик кайтарууга алууну камсыз кылуу боюнча филиалы учурда 15 темир жол бекетин, 2 көпүрөнү, жана темир жолго караштуу 12 мекемени күнү-түнү кайтарып турат.

Кайтарууну аскерлештирилген күзөт кызматынын аткычтары жүргүзөт. Алар кайтарууга алынган мекемелерге уруксааты жок кирип кетүүгө бөгөт коюшат.

Ошондой эле «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын жүктөрдү ташуучу поезддеринде бейтааныш адамдардын жүрүүсүнө көз салышат.

Бардык жаңылыктар