"Локомотив" спорт комплекси - сергек жашоого чакырат

24 Ноября 2017

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын "Локомотив" спорт комплекси - жаңы сезондо иштеп жатат.

“Локомотив” спорт комплекси “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасына таандык. Учурда мында жыл бою муз тебүүгө, хоккей, футбол менен машыгууга, театралдык оюн-зоокторду, жана турнирлерди өткөрүүгө толук шарттар бар.

Муз үстүндө бир эле мезгилде 150 адам муз тебе алат жана 850 көрүүчүгө ылайык орундуктар жайгашкан.

Комплекстин негизги максаты: темир жолчуларга жана шаардыктарга сергек жашоо мүнөзүн тартуулоо жана алардын эс алуусун уюштуруу.

Төмөндө анын бааларын сунуштайбыз:
Муз тебүү аянты:
Чоңдор үчүн – 250 сом ( 1 саат )
Балдар үчүн – 150 сом ( 1 саат )

10 жолку абонемент:
Чоңдор үчүн – 2200 сом
Балдар үчүн - 1200 сом (14 жашка чейин )

Кичи футбол талаасы  - январь, февраль, декабрь - 700 сом ( 90 минут )
Калган айларда – 1000 сом ( 90 минут )

Байланыш телефону: 92 63 42, 92 63 54;
дареги: Бишкек ш. Осмонов көчөсү, үй № 1

Бардык жаңылыктар