"Кыргыз темир жолунда" кышка карата даярдык иштери аяктап жатат

29 Ноября 2017

Быйылкы кышта темир жол транспорту электрэнергиясы, байланыш жана сигнализация менен үзгүлтүксүз камсыз болот.

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын электрэнергиясы, байланыш жана сигнализация менен камсыздоо филиалы кышка даярдык иштерин жыйынтыктады. Мында эң башкы максат: темир жолду электроэнергиясы жана байланыш менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу болуп эсептелет.

  Учурда “Луговая-Рыбачье” багыты боюнча жаңы электрондук жабдуудан турган релейлик жактан коргонуу жабдуусу орнотулду. Ошондой эле трансформатордук подстанциялар ремонттон өткөрүлүп, жаңы электр зымдары тартылды. Ошондой эле бир топ жылдардан бери пайдаланылып келген жыгач тирегичтери темир бетон устундарына алмаштырылды.

Мындан тышкары  “Бишкек-I” станциясында телефондоштуруу, жана жергиликтүү байланышты жакшыртуу багытындагы иш-аракеттер соңуна чыкты.

Демек, “Кыргыз темир жолун” электрэнергиясы жана байланыш менен камсыздоо боюнча учурда жеткиликтүү иш-чаралар аткарылды.

Бардык жаңылыктар