№97 - темир жолчулар кесиптик лицейине 75 жыл

1 Декабря 2017

№97 - темир жолчулар кесиптик лицейи 1942-жылы Улуу Ата Макендик согуш жылдарында паровоздун машинисттери, жардамчылары жана темир жолчулар жетишпей жаткан кезде, мурдагы Фрунзе шаарында жападан жалгыз темир жол окуу жайы катарында ачылган.

Ошол кезде машинисттер, жардамчылар жана жолчулар жетишпей турган. Эң алгач паровоздун машинисти, слесарь жана жолчулар сыяктуу кесиптери боюнча 500 окуучу кабыл алынган.

Бүгүнкү күндө лицей түп тамырынан бери өзгөрүп, бардык тийиштүү шарттары бар билим борборуна айланды. 1987-жылы курулган имаратта азыр окуу бөлмөлөрү, спортзалы, ашкана жана атайын китепканасы иштейт.

Учурда Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен жаңы долбоор иштеп жатат. Жаңы техникалык бөлмө жана лаборатория ачылып,  “Ашпозчу-кондитер», «Электрогазосварщик» сыяктуу жаңы кесиптер окутула баштады. Бул заманбап адистиктер боюнча талапты толугу менен аткарууга чоң өбөлгө түзөт.

№97 - темир жолчулар кесиптик лицейинин 75 жылдык мааракесине арналган салтанатка «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директорунун орун басары, Аппаратынын жетекчиси Кубан Орунбеков катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Ишкананын Ардак грамоталары тапшырылды.

         

         
 

Бардык жаңылыктар