Темир жолдо бир күндө эки кырсык катталды

12 Декабря 2017

“Бишкек I” жана “Бишкек II” темир жолунун 3777 чакырымында 30-35 жаштагы адам жүрүп келе жаткан маневрдук локомотивдин алдында калды.

 Ал өзүн-өзү поезд алдына таштаган. Азиат улутундагы адам окуя болгон жерден каза болгон. Өтө жакын аралыктан улам тепловозду токтотууга мүмкүн болгон эмес. Ишти укук коргоо органдары териштирип жатат.

Экинчи кысрык “Токмок” темир жол бекетинин 5-бекеттик темир жолунда катталды. 19-20 жаштагы кызды жүрүп бара жаткан маневрдук состав тебелеп кеткен. Натыйжада бутунан жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Эсиңиздерде болсун! Поезд автоунааларга окшоп дароо токтоп калбайт. Аны токтотуу 500 метрден 800 метрге чейин созулат. Темир жолу бул өтө кооптуу аймак. Ошондуктан темир жолдо ар бир жаран сак болуусу зарыл. Адамдардын жана автоунаалардын өз алдынча темир жолго чыгып алуусуна “Кыргыз темир жолу” жоопкерчиликти албайт.
 

Бардык жаңылыктар