Бишкектин борбордук темир жол бекетинен Россиянын Казань шаарына алгачкы поезд жөнөп кетти

12 Декабря 2017

2017-жылдын 12-декабрынан тартып, ар шейшемби күнү Бишкек шаарынан №305 Бишкек-Чу-Казань багыты боюнча поезд каттамы ачылды.

Аталган поезд Россиянын Екатеринбург шаары аркылуу каттайт. Казань шаарына жума күнү барат. Ушул эле күндөрү кайрадан Кыргызстанга жөнөйт. Бишкек шаарына жуманын дүйшөмбү күнү келет.

Жүргүнчүлөрдү тейлөө филиалынын начальниги Руслан Дүйшөналиевдин айтымында, Бишкек-Казань поездин ачууга алдын-ала даярдыктар жүрдү. Поезддин узатуучуларына атайын кийимдер тигилди. Ошондой эле “Кыргыз темир жолунун” логотиби жана жаңы тепловоз чагылдырылган атайын терезе тоскучтар жасалды. Вагондор ирээтке келтирилип, от жагылган. Жүргүнчүлөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүп берилген.

Эң алгачкы поезд каттамын тажрыйбалуу поезд начальниги Динара Дүйшембиева жетектеген курам алып кетти.

         

         

Бардык жаңылыктар