“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы жана Россия Федерациясынын «УК Мечел-Сталь» бирикмеси эки тараптуу кызматташтык Протоколуна кол койушту.

18 Декабря 2017

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы тарыхый кызматташтыкты жана достук мамилелерин эске алуу менен, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы жана Россия Федерациясынын «УК Мечел-Сталь» бирикмесинин ортосунда эки тараптуу кызматташтык Протоколу кабыл алынды.

Тараптар Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына таянып, ошондой эле эл аралык макулдашууларды эске алуу менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрөт.

Аталган Протоколдун 2-статьясына ылайык, металл продукциясын, анын ичинде темир жол рельстерин камсыз кылуу боюнча мыйзамга ылайык бирдиктүү маалымат алуу жана системалык түрдө кызматташуу аракеттерин жүзөгө ашырат.

Өз ара түшүнүүчүлүк жана эки тарапка тең пайдалуу кызматташтыкты жүзөгө ашыруу быгытында бардык күч аракеттер жумшалаары белгиленген.

Эске салсак, 2017 жылдын 15 декабрында «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү VI Россия-Кыргызстан биргелешкен жыйынына катышкан. “Транспорт жана логистикалык мүмкүнчүлүк - соода тармагын өнүктүрүүнүн локомотиви” аттуу тегерек столдун алкагында эл аралык транспорттук коридорду өнүктүрүү, транспорттук жана логистикалык кызмат көргөзүү маселелери талкууланган.


 

Бардык жаңылыктар