«Ташкент – Рыбачье» жүргүнчүлөр поездин ачуу маселеси макулдашылды

19 Декабря 2017

Кыргызстан жана Өзбекстандын мамлекет башчыларынын макулдашуусун жүзөгө ашыруу максатында “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы «Ташкент – Рыбачье» поездин ачуу боюнча Өзбекстан жана Казахстан темир жолу ишканалары менен макулдашты.

Макулдашууга ылайык, 2018-жылдын жай мезгилинде жумасына бир жолу «Ташкент – Рыбачье» багыты боюнча Өзбекстан темир жолунун поезд курамы каттай баштайт.

Учурда поезддин расписаниесин жана жол жүрүү акыларын тактоо иштери жүрүп жатат.
 

Бардык жаңылыктар