«ЗИКСТО» АКу сунуштаган 12-976 моделиндеги ачык вагондорунун техникалык мүнөздөмөсү 12-132 модели менен бирдей

20 Декабря 2017

КР ЖКнын депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин тармактык комитеттин жыйынында айткандары боюнча «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы төмөндөгүлөрдү билдирет:

2017-жылдын 14-мартында  «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы 12-132 моделиндеги 150 даана ачык вагондорун сатып алуу боюнча конкурс жарыялаган. Бул туурасындагы маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында ачык жарыяланган.

Шериктештикке кирген мамлекеттердин  аймагында аталган вагондорду чыгарууга укугу бар бир катар заводдор иштейт. Ар бир заводдун өзүнө таандык белгилери бар жана ал темир жол транспорту боюнча Борбордук Кеңеш тарабынан бекитилген.

Ошондой эле аталган заводдордон чыгып жаткан вагондор өздөрүнүн маркировкасына жана моделине ээ. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” КРнын мыйзамдарына таянып жана катышуучулардын арасындагы конкуренцияны эске алып, конкурс 12-132 моделиндеги вагондорго жарыяланган.

«ЗИКСТО» АКу сунуштаган 12-976 моделиндеги ачык вагондорунун техникалык мүнөздөмөсү 12-132 модели менен бирдей.

Ал эми вагондордун баалары боюнча айтсак: “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” КРнын мыйзамынын 10-статьясындагы 4-пунктунун 2-бөлүгүнө ылайык, сатып алуучу ишкана тарабынан алдын-ала баалардын мониторинги жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында, жыл сайын баалардын жогорулашын эске алуу менен,  “Жалал-Абад” темир жол бекетине жеткирип берүү акысы менен кошо, сатып алуучу ишкана ар бир вагонго 2 900 000 сом бөлүштүрүү чечимин кабыл алган. Учурдагы базар бааларын эске алуу менен бул бааны эң минималдуу баа деп эсептейбиз.

Жыл сайын баалардын жогорулашы туурасындагы маалымат менен   «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынан кеңири тааныша аласыздар.

Бардык жаңылыктар