“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын электрэнергиясы, байланыш жана сигнализация менен камсыздоо филиалы кышка карата бир катар иш-чараларды жүргүздү.

22 Декабря 2017

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын электрэнергиясы, байланыш жана сигнализация менен камсыздоо филиалынын эң башкы максаты: темир жолду электроэнергиясы жана байланыш менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу болуп эсептелет.

Учурда “Луговая-Рыбачье” багыты боюнча электроэнергия менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлүп, темир жол өткөрмөлөрүн жана электротрансформаторлорду текшерүү иштери аяктады.


Ошондой эле поезддердин коопсузудугун камсыз кылуу максатында “Кара-Балта” темир жол бекетиндеги темир жолунда рельс токторунун чыңалуусу, бардык маршруттардын өз ара байлынышы да көзөмөлгө алынды.

“Беловодск-Шопоково” темир жолунда багыттар такталып, “Кант” темир жол бекетинин 3806 чакырымында 850 метрге электр чубалгылары тартылды.

Ал эми байланыш тармагын жакшыртуу максатында Астана жана Алма-Ата телеграф байланышын ченөө иштери жүрдү.

Демек, “Кыргыз темир жолун” кышка карата электрэнергиясы жана байланыш менен камсыздоо боюнча “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын электрэнергиясы, байланыш жана сигнализация менен камсыздоо филиалы учурда жеткиликтүү иш-чараларды аткарды.

Бардык жаңылыктар