«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы сатып алган ачык вагондор Кыргызстанга жөнөтүлдү

26 Декабря 2017

«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы сатып алган ачык вагондордун алгачкы партиясы 23-декабрда Казахстандан Кыргызстанга карай жөнөтүлдү.

Бүгүн аталган ачык вагондор Казахстандын Чу темир жол бекетине карай келе жатат. Вагондор андан ары Өзбекстан Республикасы аркылуу өтүп,  «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын «Жалал-Абад» темир жол бекетине жеткирилип берилиши күтүлүүдө.

Ал эми ачык вагондордун кийинки партиясы 29-декабрда жөнөтүлөт жана 2018-жылдын январь айында Кыргызстанга келет.

Эске салсак, 2017-жылдын 14-мартында  «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы 12-132 моделиндеги 150 даана ачык вагондорун сатып алуу боюнча конкурс жарыялаган. Анын жыйынтыгы менен Казахстандын «ЗИКСТО» АКу жеңүүчү деп табылган.

Бардык жаңылыктар