«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын адистери Ташкент шаарында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоору боюнча жолугушууга катышууда.

26 Декабря 2017

“Өзбекстан темир йуллари” Акционердик коому жана «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын сүйлөшүүлөрүнүн Протоколуна ылайык «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Алмазбек Ногойбаев баштаган топ Ташкент шаарындагы жолугушууга катышууда.

Топтун курамында: Темир жолун долбоорлоо жана куруу боюнча Дирекциясынын директору Канат Абдыкеримов, Стратегиялык өнүгүү, экономика жана тариф саясаты боюнча Башкармалыктын башчысы Нурлан Дусумбаев, Көпүрө куруучулар отрядынын башчысы Василий Дашков жана Түштүк бөлүмүнүн башчысы Бахтияр Юнусов бар.

Эске салсак, 25-декабрьда аталган жолугушууга катышуу үчүн “Кыргыз темир жолу” ишканасынын өкүлдөрү Ташкент шаарына жөнөп кетишти. Ал эми 27-декабрьда “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоору боюнча министрлердин деңгеелинде үч тараптуу жолугушуу өтөт. Анда аталган багыт боюнча темир жолун куруу маселеси талкууланат. Мындан тышкары Өзбек темир жолу аркылуу транзит менен жүктөрдү ташып келүүдө Өзбекстан тараптан жеңилдиктерди берүү маселеси да каралмакчы.
 

Бардык жаңылыктар