«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы маалымдайт:

27 Декабря 2017

2018-жылдын жай мезгилинде «Ташкент-Рыбачье» поезд каттамы ачылат. Аталган поезд Өзбек темир жолунун курамы менен жумасына бир жолу каттайт.

Анын расписаниеси төмөндөгүчө:

2018-жылдын 16-июнунан тартып, 25-августка чейин Ташкент шаарынан ар ишемби күндөрү чыгат жана 17-июньдан тартып, 26-августка чейин «Рыбачье» бекетине ар жекшемби күнү келет.

2018-жылдын 18-июнунан тартып, 27-августка чейин Рыбачьеден ар дүйшөмбү күнү чыгып, 19-июндан тартып, 28-августка чейин ар шейшемби күнү Ташкент шаарына келет.

Жол жүрүү билеттери 2018-жылдын май айынан баштап сатыла баштайт.

Ал эми жол жүрүү билеттеринин баалары жана жөнөө убактылары боюнча кошумча маалымат берилет.
 

Бардык жаңылыктар