Түштүк бөлүмүнүн башчысы Бахтияр Юнусов: «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы сатып алган ачык вагондор учурда түштүк бөлүмүндө каттоодон өтүп жатат.

5 Января 2018

«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы сатып алган ачык вагондордун алгачкы партиясы Казахстандан Жалал-Абад станциясына келип түштү.

 Аны түштүк бөлүмүн адистери катар номерлерине ылайык кабыл алып, ишкананын эсебине каттоодон өткөрүп жатышат.

Түштүк бөлүмүн башчысы Бахтияр Юнусовдун айтымында, 7-январьга чейин каттоо иштери аяктайт. Андан соң ачык вагондор таш көмүр ташуу үчүн ишкерлерге бериле баштайт.

Эске салсак, 2017-жылдын 14-мартында  «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы 12-132 моделиндеги 150 даана ачык вагондорун сатып алуу боюнча конкурс жарыялаган. Анын жыйынтыгы менен Казахстандын «ЗИКСТО» АКу жеңүүчү деп табылган

Бардык жаңылыктар