“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасына Шопоков шаарынан ыраазычылык кат келди

15 Января 2018

Шопоков шаарынын мэри С. Умаралиев “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Алмазбек Ногойбаевге ыраазычылык кат тапшырды.

Анда мындай деп айтылат:

Урматтуу Алмазбек Бердибекович! Шопоков шаарынын аймагында жашап жатышкан аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн балдарына жана жетим балдарга көргөзгөн камкордугуңуз үчүн Шопоков шаарынын мэриясы Сизге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет. Сиздер тараптан “Локомотив” спорт комплексине  келип, акысыз муз тебүү боюнча кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулуп, өткөрүлдү. Андыктан, биздин балдарга болгон көңүл буруу жана камкордук үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдиребиз.

Эске салсак, буга чейин Шопоков айылынан жардамга муктаж балдар “Локомотив” муз аянтында акысыз муз тээп кетишкен.
 

Бардык жаңылыктар