«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы: “Россиядан келүүчү күйүүчү майларды Ош шаарына чейин темир жолу менен түз, арзан баада ташып келүүгө болот”.

17 Января 2018

Россиядан келүүчү күйүүчү майларды Ош шаарына чейин темир жолу аркылуу ташып келүү төмөндөгү проблемалардын чечилишине шарт түзөт:

- Республикабыздын ички автомобиль жолдорундагы жол кырсыктарын азайтат,

- автомобиль жолдору талкаланбайт,

- кооптуу жүктөрдү ташууда коопсуздук сакталат.

Жалпыга маалым болгондой, 2017-жылдын 1-декабрынан тартып, транзит менен Казахстан аркылуу Кыргызстандын түштүк аймагына жүктөрдү ташып келүүдө бирдиктүү тариф колдонулуп келе жатат. Бирок, учурда Россиядан келүүчү күйүүчү майлар темир жолдун түндүк аймагына (Кара-Балта, Бишкек ж.б.у.с.) ташылып келинип, андан ары автомобиль транспорту менен Кыргызстандын бүткүл аймагын аралап өтүп, республикабыздын түштүгүнө ташылып жатат. Белгилүү болгондой аталган багыт бийик ашууларды аралап өтүп, өтө кооптуу жана татаал шарттар менен коштолот. Мындан тышкары Кыргызстандын түштүгүнө күйүүчү май ташыган автомашиналар көптөгөн жол кырсыктарына учурап, адам өмүрлөрү кыйылып, автомобиль жолдору талкаланып жатат.

Ошол эле учурда темир жолу менен Россиядан келүүчү күйүүчү майларды Кыргыз темир жолунун түндүк станцияларына эмес түз эле Кыргызстандын түштүк аймагына, Ош шаарына чейин ташууга болот. Аталган багыт автомобиль транспортуна караганда бир кыйла арзан жана өтө ыңгайлуу.

Төмөндө Россиянын “Омск” темир жол бекетинен Кыргызстандын “Ош” темир жол бекетине чейин күйүүчү майларды ташып келүүнүн салыштырмалуу анализи:

- Россиянын “Омск” темир жол бекетинен Кыргызстандын “Кара-Балта” темир жол бекетине чейин 1 тонна күйүүчү майды ташып келүү акысы 2436,5 сом, андан ары “Кара-Балта” темир жол бекетинен Ош шаарына чейин автомобиль транспортунун акысы 2860,0 сом. Жыйынтыгында аталган багыт боюнча 1 тонна күйүүчү майды ташып жеткирүүнүн жалпы баасы  5296,5 сомду түзөт.

- Темир жолу менен Россиянын “Омск” темир жол бекетинен Кыргызстандын “Ош” темир жол бекетине чейин 1 тонна күйүүчү майды ташып келүү акысы болгону 5098,08 сом.

Ошондой эле Кыргыз темир жолу жана Өзбек темир жолу ишканаларынын жетекчилеринин Ташкент шаарында болгон жолугушуусунда Кыргызстандын түштүгүнө Өзбекстан аркылуу транзит менен жүк ташып келүүдө жеңилдиктерди берүү маселеси талкууланган. Бул боюнча эгерде Кыргыз тарап белгилүү көлөмдө мунай жүктөрүн камсыз кылууга кепилдик берсе анда Өзбек тарап жеңилдик берүү маселесин карап чыгууга даяр экендигин билдирген. 

 

Бардык жаңылыктар