“Локомотив” хоккей клубу II орунду жеңип алды

18 Января 2018

Нарын жергесинде өткөн муз үстүндө шайба менен ойнолуучу хоккей боюнча КРнын ачык кубогунда “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын “Локомотив” хоккей командасы байгелүү II-орунга татыктуу болду.

Турнирдин уюштуруучулары тарабынан II-даражадагы диплом, турнирдин кубогу жана медальы тапшырылды. Ошондой эле 30 миң сом акчалай сыйлык берилди. Мындан тышкары Саламат Тыналиев “Эң мыкты оюнчу” дипломуна ээ болду. Мелдешке жалпысынан 10 команда катышып, темир жолдун хоrкейчилери эң сонун оюн көргөзүп байгелүү II-орунга көтөрүлдү. “Локомотив” хоккей командасынын башчысы темир жолчу Сапар Садыралиев. Ал эми машыктыруучусу Саламат Тыналиев. 

“Локомотив” спорт комплексинин директору Таалай Асаналиевдин айтымында хоккей командасында 17 спортчу бар. Алар такай машыгып, бүгүнкү күндө эң сонун спорттук формада.

Белгилей кетсек, “Локомотив” хоккей командасынын машыктыруучусу Саламат Тыналиев буга чейин Кыргызстандын хоккей боюнча балдар командасы менен Америкада өткөн хоккей боюнча турнирге катышып, I- орунга татыктуу болушкан. Жеңиш менен келген Саламат Тыналиевди КРнын Премьер-Министри Сапар Исаков кабыл алып, ыраазычылык билдирген.

Ошондой эле АКШнын Кыргызстандагы элчиси Алан Мельтцер да Саламат Тыналиевге ыраазычылык катын тапшырган.

Бардык жаңылыктар