Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын электрэнергиясы, байланыш жана сигнализация менен камсыздоо филиалы суук күндөрү электрэнергиясын үзгүлтүккө учураткан жок.

2 Февраля 2018

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын электрэнергиясы, байланыш жана сигнализация менен камсыздоо филиалынын эң башкы максаты: темир жолду электроэнергиясы жана байланыш менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу болуп эсептелет.

Аталган филиал буга чейин кышка карата бир катар иш-чараларды жүргүзгөн. Натыйжада ызгаардуу суук күндөрү темир жолдо жылуулук жана электрэнергиясы толук камсыз болду. Бул туурасында “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын электрэнергиясы, байланыш жана сигнализация менен камсыздоо филиалынын башчысы Айдар Курумбаев билдирди.

Анын айтымында учурда “Луговая-Рыбачье” багыты боюнча электроэнергия менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлүп, темир жол өткөрмөлөрүн жана электротрансформаторлорду текшерүү иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле поезддердин коопсузудугун камсыз кылуу максатында темир жолунда рельс токторунун чыңалуусу, бардык маршруттардын өз ара байлынышы да көзөмөлгө алынды.

Ал эми байланыш тармагын жакшыртуу максатында Бишкек I темир жол бекетинде телеграф байланышын ченөө иштери жүрдү.
Демек, “Кыргыз темир жолун” кышка карата электрэнергиясы жана байланыш менен камсыздоо боюнча “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын электрэнергиясы, байланыш жана сигнализация менен камсыздоо филиалы учурда жеткиликтүү иш-чараларды аткарды.

Бардык жаңылыктар