“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:

28 Февраля 2018

Аба-ырайынын катаалдыгынан улам “Кыямат-Күркөл” темир жолундагы 148-темир жол кайчылашындагы тосмо дубал талкаланып баштаган.

Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2018-жылдын 1-мартынан тартып, 15-июньга чейин “Бишкек-Нарын-Торугарт” автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 132 чакырымындагы тосмо дубалдарды бекемдөө иштери жүргүзүлөт.

Бекемдөө иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, “Бишкек-Нарын-Торугарт” автомобиль жолунун 130-чакырымынан тартып, 135-чакырымына чейинки бир багыттагы автомобиль жолу убактылуу жабылат. 

2018-жылдын 1-мартынан тартып, 15-июньга чейин саат: 9-00 дөн 17-00 гө чейин автомобиль каттамы Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун камсыз кылуу Башкармалыгы тарабынан көзөмөлгө алынып турат.

Эскерте кетсек, бекемдөө иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.

Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.
 

Бардык жаңылыктар