«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги темир жолчу айымдарды куттуктады.

7 Марта 2018

«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасында миңден ашык аялзаты эмгектенет. Алардын арасында поезддин узатуучулары, диспетчерлер, жолчулар жана вагон ремонттоочу цехтин кызматкерлери да бар. Демек кыргыз темир жолунун ишин үзгүлтүксүз камсыз кылууда аялдардын салымы зор.

Аялдардын эл аралык майрамына карата ишкана жетекчилиги тарабынан майрамдык салтанат уюштурулду.

“Темир жолдо эмгектенген ар бир аялзатына бакыт-таалай, бекем ден-соолук каалаймын. 8-март майрамы бул жаз майрамы болуп эсептелет. Андыктан, дайыма маанайыңыздар жарык болсун! Жаз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!” – деген куттуктоосун билдирди ишкана жетекчисинин орун басары, аппаратынын жетекчиси Кубан Асанбеков.

Ишкана жетекчилигинин чечими менен март майрамынын урматына ар бир аялга 1500 сомдон акчалай белектер берилди.    

Бардык жаңылыктар