“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын электрэнергиясы, байланыш жана сигнализация менен камсыздоо филиалы коопсуздукту камсыздоо боюнча бир катар иш-чараларды жүргүздү.

14 Марта 2018

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын электрэнергиясы, байланыш жана сигнализация менен камсыздоо филиалынын эң башкы максаты: темир жолду электроэнергиясы жана байланыш менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу болуп эсептелет

Учурда “Луговая-Рыбачье” багыты боюнча электроэнергия менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлүп, темир жол өткөрмөлөрүн жана электротрансформаторлорду текшерүү иштери жүрдү.

Ошондой эле поезддердин коопсузудугун камсыз кылуу максатында темир жол бекеттериндеги өткөрмөлөрдү текшерүү, темир жолунда рельс токторунун чыңалуусу, бардык маршруттардын өз ара байлынышы жана андагы аккумуляторлорду да көзөмөлгө алуу иштери аяктады.

Бир катар темир жол бекеттеринин ортосунда  электр чубалгылары тартылды.

Ал эми байланыш тармагын жакшыртуу максатында  пландуу иштер жүрүп, “Бишкек I” бекетинде жергиликтүү байланышты камсыз кылуу  чаралары көрүлдү.

Демек, “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын электрэнергиясы, байланыш жана сигнализация менен камсыздоо филиалы коопсуздукту камсыздоо багытында жеткиликтүү иш-чараларды аткарды.

Бардык жаңылыктар